www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өкмөтү айдоочуларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берди. Жол кыймылынын эрежесине тийиштүү өзгөртүүлөр 2019-жылдын 31-октябрында киргизилген.
ИИМден түшүндүрүшкөндөй, ылдамдыкты көбөйтүү эл аралык маанидеги жолдордун унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу. Анда сырткары, жогорку ылдамдыктагы коопсуз унаалардын паркы көбөйүүдө.
Бирок азырынча кайсы тилкелерде жана трассаларда мындай ылдамдык менен жүрүүгө боло турганы так айтыла элек.
Белгилей кетсек, буга чейин айдоочуларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 90 чакырым ылдамдыктан ашырууга болбойт болчу.
Булак: NazarNews.kg