www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун биринде дарылануусун улантып жаткан Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, президент тарабынан ыйгарылган “Эрдик” медалын колуна тапшырып келген. Курманкулов дарыланып жаткан борбордун башкы дарыгери Татьяна Шаповаленко бейтаптын абалы тууралуу Коомдук биринчи каналдын журналисттерине төмөндөгүлөрдү айтып берди.
“Бейтап учурда акырындык менен басат, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууга дарамети жетет. Өзү отурат, турат, маалыматты кабыл ала алат, реакциясы бар. Алгачкы келгендегисине салыштырмалуу абалы абдан жакшырды. Сүйлөйт, бирок азырынча үнү катуу чыкпайт, себеби өпкөсүн жасалма түрдө иштетип туруу үчүн көп убакыт трахиастома түтүкчүсү турат. Азырынча болгону тамакты жутууда көйгөй бар, бирок өз алдынча жей алат. Андан сырткары добуш чыгарууда бир аз аракет кылыш керек” – дейт дарыгер.
Эске салсак, Самат Курманкулов 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлап тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип, комага түшүп калган. Андан кийин дарылануусун Москвадан улантуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg