www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда ИИМ билдирди.

--"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кайда экендиги такталбагандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды. Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирди ИИМ.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Бусурманкул Табалдиев Түркияда болушу мүмкүн. Анткени бир нече жыл мурун кызы бизнес менен алектенген түрк жигитине турмушка чыккан деген сөздөр тар чөйрөдө айтылууда жана Табалдиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бир нече мыйзамсыз кадамдарга барган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости