www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жаткандыгы боюнча 2019-жылдын 8 июлда маалымат түшкөн.  Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдирди. 

Маалыматтын негизинде Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториясынын адистери менен биргеликте клиникалык кароо жүргүзүлдү жана жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган жок. 

Мындан сырткары өлгөн малдардан анализ алынып лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, изилдөөнүн жыйынтыгында “Нитрат жана мышьяк” аныкталган. Жогорудагылардын негизинде малдар ууланып өлүп жаткандыгы боюнча болжолдуу диагноз коюлууда.

Ошондой эле комплекстүү изилдөө максатында Нарын районунун акиминин буйругунун негизинде комиссия түзүлүп суулардан жана өлгөн малдардан материлдар алынып тиешелүү лабораторияларга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин 29-баш козу чыгымга учурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости