www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асия Сасыкбаева буга чейин ЖАМК жетекчиси Мелис Турганбаевге жеке кайрылып, Салянованын абалын өз көзү менен көрүп чыгууну суранган. Салянова өзү жана туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат. Мындай абалда аны тергөө абагында калтырып коюу "кыйноого тете", дейт "Ата Мекен" партиясы.
"ЖАМКтын ага карата кыйноолор жок эле дегени аны кычкач менен кыйнап же башына пакет кийгизбей эле турабыз дегени. Бирок адам ооруп, медициналык жардам албай жатса, ал дагы кыйноого кирет. Салянова бүгүн кыйноого тушугуп жатат. Жүрөгү ооруйт, эки клапаны мурунтан эле маселе жаратчу, азыр эми үчүнчү клапаны жаман акыбалда. Ага медициналык консилиум операция жасаш керек деген бүтүмүн чыгарган болчу, жөтөлүп да атат", - деген пикирин билдирди партия өкүлү Асия Сасыкбаева.
Жаза аткаруу кызматынан тергөө абагындагы Аида Салянованын абалы дурус экенин, Кардиология институтунун врачтары ага жазып берген дарыларын өз убагында алып жатканын билдиришти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»