www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жолу тажик лидери бул жерде 1993-жылы болгон.
Эмомали Рахмон Исфарадагы иш сапары 20-25-июлга белгиленген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, ал жерде Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Ворух айылдык кеңешинин төрайымы Мехринисо Рахматованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар Тажикстан башчысын тосуу үчүн кызуу даярдык көрүшүүдө. “Биз үйлөрдүн тышын сырдап, жолдорду асфальттап жатабыз. Жашоочулар президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Баардык маселелер оң жагына чечилет деп үмүттөнөбүз”,– деди ал.

Ворух айылдык кеңешинин жашоочулары Эмомали Рахмондун келиши менен жер, суу талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана улут аралык келишпестиктер сыяктуу жаңжалдарга чекит коюлат деп ниеттенишүүдө.
Тажик-кыргыз чек арасынын узундузу 976 чакырымды түзөт, учурда алардын ичинен 504ү гана делимитация жана демаркацияланган. Чек ара сызыгы такталбагандыктан, маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чырчатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости