www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырган жана ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнгөн кайрылууга топтолгон колду бүгүн, 15-июлда президенттин коомдук кабылдамасына тапшырышты. Алар бул кайрылууга жети миңдей киши кол койгонун билдиришти.

Анда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Аида Салянованы негизги күнөөкөр кылуу аракети жүрүп жатканы айтылат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Орусияга кетишине байланыштуу ишке шек саналып, быйыл 3-июнда камакка алынган. 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жиберди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости