www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы Атамбаевдик бийликтен алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат. Бул кенди колдогондордун бири кен боюнча парламент комитет төрагасы Кожобек Рыспаев болсо, бири Нарындын губернатору Аманбай Кайыпов.
Чогулгандар «кен иштеткен компания агын сууну булгап атат, жайыттагы мал жапырт кырылууда» деп, «кытайлык компания ишин токтотсун» деген талап коюшту. Нааразы тургундарга облустук бийлик өкүлдөрү жолугуп, кырылган малдын өлүмүнө эмне себеп болгонун иликтеп чыгууга убада беришти. Тургундардын айтымында ушуга чейин 100дөн ашык кой өлдү. Учурда социалдык тармактарда «Солтон-Сарыда койлор массалык түрдө кырылып жатканы» тартылган видеолор тарап жатат.
Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразы болгон 70тей киши Нарын облустук администрациясынын имаратына чогулушту. Алар Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча айылынын 100дөн ашуун тургуну кол койгон кайрылууну президентке жиберерин билдиришти.
Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»