www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Эверестти багындырды

Кыргызстандык Эдуард Кубатов Эвересттин чокусуна чыкканын экспедициянын башчысы, альпинист Александр Абрамов билдирди.

«Эверест 1» командасы чокуга чыкты. Эми ылдый түшүп жатабыз. Аба ырайы жакшы эле. Шамал болуп жатат, бирок өтө деле күчтүү эмес. Бул жерде рекордду израилдик аял менен кыргызстандык киши коюшу мүмкүн», — деген Абрамов социалдык тармактагы баракчасында.

Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.

Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп чокуга 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости