www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миграция кызматынан Корея багыты боюнча иштеген өкүлү Нагима Ашымбекованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 116 адамга эмгек келишими келди.

Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка кетчүлөрдөн тилди билүү деңгээлин аныктаган тест алына баштады.

Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жылдай мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кетет. Бирок ал азыр коррупциялаша баштады деген дооматтар айтылууда.

Расмий маалымат боюнча Кореяда 3,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар жана алардын миңге жакыны мыйзамсыз жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости