www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрда Кытай негизделгенинин 70 жылдыгына карата өз тарыхындагы эң ири аскер парадын уюштурду. Парад Пекиндеги Тяньанмэнь аянтында өтүп, ага 15 миң аскер кызматкери, 150дөн ашуун учак, 580 танк жана башка көптөгөн аскер техникалары тартылган.

Аскердик парадды Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кабыл алды.

Жогорудагы техникалардан сырткары, Кытай континеттер аралык DF-41 ("Дунфэн-41") баллистикалык ракетасын, учкучсуз учуучу аппараттарын, учкучсуз суу астында жүрүүчү аппараттарын көргөзгөн.

“Дунфэн-41” АКШ жана анын союздаштарында бар бардык ракетага каршы щиттерди жарып өтө алат деп эсептелет. Ал жана башка көптөгөн аскер техникаларынын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү жашыруун бойдон калып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости