www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Качкын – Сун Цзян аттуу кытай полициясынын мурдагы кызматкери. Ал аялдарды жана балдарды сатканы үчүн соттолуп, бирок 2002-жылы абактан качып кеткен. Ошондон бери өзү туулуп өскөн шаарга жакын аймактагы киши жете алгыс тоодогу үңкүрдө баш калкалап келген. Мындай маалыматты Би-би-си жазып чыкты.
Качкындын жүргөн жерин учкучу жок учуучу аппараттын жардамы менен кокусунан билип калышкан. Асмандан алынган кадрдан полиция кызматкерлери көк түстөгү темир чатырчаны жана ага жакын жердеги таштандыларды көрүшкөн.
Ошентип качкынды үңкүрдө жашынып жаткан жеринен кармашкан. Полициянын билдиргендерине караганда, Сун Цзян көп жыл адамдардан обочо, жашынып жашагандыктан сүйлөөнү дагы унутуп калган.
Жыйынтыгында ал баары бир кайрадан өз мөөнөтүн өтөө үчүн абакка кирди.
Ансыз да көпчүлүктөн бекинип жашаган өмүр текке кеткендей. Абактагыдан айырмасы үңкүр эле болбосо, эркин жашай албаптыр. Эми калган мыйзамдуу жазасын толук тартабы же үңкүрдүгү азабы эске алынабы, аны Кытай соту чечет.
Булак: NazarNews.kg