www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясында жерди үнөмдөө максатында табыттарды конфискациялап, каза болгон адамды жерге көмүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, провинциянын өкмөтү ушул жылдын сентябрь айынан баштап каза болгон адамдын сөөгүн өрттөп гана жок кылууга ниеттенип жатат. Бул адам каза болгондон кийин анын сөөгүн жок кылууга уруксат берилген жалгыз ыкма болот. Провинцияда жаңы табыт сатып алууга тыюу салынып, бийлик үйлөрдөгү табыттарды алып баштаган. Мындан тышкары тургундарга эгер алар туугандарын жерге берүүдөн баш тартып, даярдалган табыттарды өткөрүп беришсе, материалдык компенсация берүү убадаланган.

Тургундардан күч менен тартып алынган табыттар экскаватор менен жок кылынууда. Табыттан тышкары башка салттык ырым-жырымдарды жасоого да тыюу салынды.

Буга чейин Шаньдун провинциясында да маркумду жерге көмүүгө тыюу салынган. Ал эми жаңы саясат боюнча маркумдун сөөгү өрттөлүп, туугандары тиешелүү иш-чараларды өткөргөнү тууралуу сертификат тапшырышы керек.

Кытайда маркумдун тажыясына канча көп адам келсе ага ошончолук урмат көрсөтүлөт деп эсептешет. Ошондуктан каза болгон адамдардын жакындары көп адам тартуу үчүн артисттерди, ырчы-бийчилерди жалдашат. Ал эми 1990-жылдардан баштап аза күтүү иш-чарасына стриптиз бийлеген кыздар чакырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости