www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламатсызбы! Мен эркек баламын. Кичинемден бери кыздар менен ойноп чоңойдум. Азыр да кыздар менен бат тил табышам. Үнүм назик, басканым да бир аз кыздардыкына окшошуп кетет.
Байкем чыныгы эркек. Мени жактырбайт, сөгөт, кемсинтет, урат. Эжем да "эркектей болчу" деп кол көтөрүп жүрдү.
Убакыттын өтүшү менен мындай сөздөрдү көп уга турган болдум. Сөгүнбөсөм, бирөөгө жамандык кылбасам, уурдабасам эмнеге мага мындай мамиле жасашат? Сыгылып, ызаланып, кыйналып жүрөм. Кызтеке эмесмин!
Узактарга кетип, өзгөрүп, башка адам болуп кайтып келгим келет. Буйурса чоң максаттарым бар: спорт менен машыгуу, үйлөнүү, балалуу болуу.
Азат, 17 жаш
Бермет Уланова, гештальт-консультант:
Урматтуу жигит, психологиялык жетилүү мезгилиңде айланаңды кыздар курчагандыктан, өзүң айтып жаткан манералар пайда болгон. Кемсинтүүлөргө, түшүнбөстүктөргө дуушар болуп жатканыңды сезип турам.
Бул жерде эң маанилүүсү - өзүңдү өзүң кантип сезгениңде. "Кыздарды жакшы түшүнөм, бат тил табышам",- деп жазып жатасың. Ошондой эле, келечекте үйлөнүп, балалуу болгуң келээрин айттың. Эгерде сенде жынысыңды аныктоо боюнча эч кандай көйгөй жок болсо, кылык-жоруктар үстүндө иштесе болот, убакыт гана керек.
Эмнеңди өзгөрткүң келет, жакшылап ойлон. Чынында эле өзгөргүң келеби же бул башкалардын каалоосубу? Үнүң, манераң өзүңө жакса болду, үй-бүлөңө же бирөөгө жагыш үчүн өзгөрүүнүн кереги жок. Эгер өзгөрүүнү чечсең, кичинеден башта, себеби толугу менен өзгөрүү кыйын болот.
Үй-бүлөңдүн сага кол көтөргөнү туура эмес. Сени ур-токмокко алганга эч кимдин акысы жок. Мындан ары зомбулукка жол бербе, өзүңдү корго. Жакындарың менен ачык сүйлөш, эмнең жакпайт, эмне үчүн өзгөрүшүңдү каалап жаткандарын бил.
Байкеңди "чыныгы эркек" деп жатасың. Сенин түшүнүгүң боюнча чыныгы эркек кандай болушу керек?
Менин көз карашым боюнча, чыныгы эркек - бул, "мен эркекмин" деп төшүн кага бербеген, алсыздарды капалантпаган, жакындарына жардам берген, адептүү, чынчыл, эр жүрөк адам.
Ар бирибизде "чыныгы эркек же аял кандай болушу керек" деген сапаттар тизмеси бар. Ошондуктан жакындарыңдын сөздөрүн жүрөгүңө жакын кабыл алба. Бул алардын жеке пикири, жалпыныкы эмес. Ар бир адам кандай болгусу келсе, ошондой болууга укугу бар!
Булак: "bilesinbi.kg"