www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейла Саралаевага кылмыш иши козголду

Көп жылдан бери иликтөөчү журналистика менен алектенип келген, азыр Грузияда жашап жаткан Лейла Саралаевага Кыргызстандын укук коргоо органдары “массалык башаламандыкка чакырык” деген айып такты. Бирок журналист өзү бул иш тууралуу 1,5 жылдан кийин гана кабар алганын, ал арада эч кандай расмий билдирүү берилбегенин айтат.

Ички иштер министрлиги 1-октябрда бул маалыматты ырастады. Алардын айтымында, Саралаеванын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү экспертизага жиберилип, "массалык башаламандыкка үндөгөн белгилер бар" деген жыйынтык чыккан. Бирок журналистке берилген экспертизада “чакыруу жок, бирок бийликти сындоо бар” деп гана жазылганы айтылып жатат.

Эске салсак, “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан 2025-жылы басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 144-орунду ээлеп, 24 тепкичке артка кетти. “Freedom House” уюму болсо өлкөнү бешинчи жыл катары менен "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кошту.

Айтымында, журналисттер өз позициясы үчүн жоопко тартылып, кээде мыйзамсыз жолдор менен суракка чакырылган. Ошону менен бирге, кесипкөйлүктүн ордуна такталбаган маалымат таратып жаткан блогерлердин үстөмдүгү күчөп, журналистиканын коомдогу ролу артка сүрүлүүдө. 

 

Последние новости