www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Эмгек жана соц өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова ал кызматта иштеп турганда инстаграмында 6-7 миң сом өлчөмүндөгү пенсияга дүйнө кыдырса болоорун жазган болчу.

“Лунара лунадан түштүбү?” деп жер тепкилеп, 7 миң сом менен кантип дүйнө кыдырса болоорун айтышкан тараптар болгон. Чынында эле кантип болушун, биз ал кезде элестет алган эмеспиз.

Көрсө, кептин төркүнү башкада жаткан экен. Мамлекеттик жетекчи катары ачык айта албаганбы же тергеп айтканбы, айтор дүйнөнүн баарын кыдырбаса да, коңшу өлкөлөргө эс алып келчү акча каражатына жетчүдөй пенсия алгандар деле бар экен. Алар кимдер деп ойлойсуңар?

Албетте, баягы эле чиновниктер экен. Айрым атка минерлердин алган пенсиялары канча экени боюнча маалыматтар чыкты. Анда азыркы “Бир бол” партиясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдики бир жылдык пенсиясынын көлөмү 714 546 миң, айына 59 545 сом, мурдагы бажы кызматкери, учурдагы депутат Салайдин Айдаровдуку бир жылда 193 336 миң, айына 16 528 сом, депутат Искак Масалиев жылына 341 363 сом, айына 28 446 сом алаары айкын болгон.

Албетте, мындай пенсияларды учурда аскер кызматынын мурдагы кызматкерлери алаарын  деле билебиз. Дегинкеси, ушул пенсиялар  менен эле жер кыдырбаса, 7 миң менен  той кыдыра албайсың го дегибиз келип жатат. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости