www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсиңиздерде болсо, жакында эле Жал кичи районунда эки адамды кордук менен сабаган окуя катталып, анын тасмасы да коомго тараган. Айбанчылык менен жасалган ал аракетти ИИМдин аймактык өкүлчүлүгү колдоого алганын, кылмышты жаап жашырууга аракеттер болгонун айтып чыккандар болгон. Мунуну артында “Ленин РИИБисинин башчысы Мадияр Кулуев да турат” дегендей кептер кеткен. Бирок, Кулуев эч качан ал ишти жашырууга аракеттер болбогонун, катыштыгы болсо ошол эле күнү арызын жазып кетип калууга даяр экенин билдирген.

Ал жерде да негизги күнөө Кулуевге карата айтылып, кылмышка шектүүлөрдү бошотуп жибергени, аларга төрт күнгө чейин издөө жарыяланбаганы, жабырлануучу тараптын арызын кабыл албай койгонун, тескерисинче, зөөкүрлөрдүн өзүн жабырлануучу кылып, алардан жасалма арыздарын кабыл алганын жабырлануучу тараптар айтышкан.

Бирок, Кулуев: “Биз аларды жаап-жашырган жокпуз. Милицияда 30 жыл иштеп, мына ошондой мыкаачыларды биринчи жолу көрүшүм»-деген. Анысы ал болду, эми деле Кулуевден куйрук улаш сөздөр кетпей, нааразы болгон тараптар арбып баратканын билүүгө болот. Айрым маалымат булактары ал жетекчи болуп турганда Ош базарынан 3 ирээт өрт чыгып, анын арты эмне менен бүткөнү белгисиз, бирок Кулуевдин камырбай кызматта олтурганын  таң калуу менен айтышат. Укканыбызга караганда Кулуев ашыкча жердешчил.

Ал жумушунда жердештери менен “отметка” кылгандарды гана кубаттап, ийгиликтүү иштерди баалабайт. Андай теңсиздик өзүнүн жумушчуларынын нааразычылыгын пайда кылган.  Маселен, ал жумушта жакындарына каалаган учурда эс алуу өргүүсүн 2 айлап жазып бергени, ар кандай иш чараларда көп убакытка чейин кайтарым тизмектеринде (построения)  өзүнүн жакындарын кое берип жиберип, калгандары ысыкта кактап, суукта тоңдурганы да адилетсиздик катары айтылып жүрөт. Бул өз кызматын сыйлабастык жана өзүм билемдик. Кулуев Бишкек ШИИБисинин башчысы Канат Жумагазиевдин колтугуна кирип алып, каалаганын кылып, эрке талтаң болуп жатканын айткандар да аз эмес. Ал тууралуу азыноолак аз күндөрдө жазалы…

Жакында эле Орок айылынын Ленин РИИБсине тийиштүү аймагында мушташ чыгып, аягы атышууга чейин барган окуя катталган. Бул иштерге жетекчи катары Кулуевдин түздөн-түз жоопкерчилиги каралышы керек эле. Бирок, Кулуев суудан дале болсо кургак чыгып, мындай кылмыштуу иштер көнүмүш же “кыргызда боло берет” таризде кала бергени таң калыштуу. Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн Кулуев деген ким өзү? Сөздүн төркүн кийинкиде болсун, - деп «Факты кж» гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости