www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда Жалал-Абад шаарында, тагыраагы, Ош-Бишкек жолундагы айланма жолунун ортосуна бийиктиги 45 метр флагшток орнотулуп, ага өлкөбүздүн желеги илинди.

Флагштоктун пайдубалына айтылуу акын Барпы Алыкуловдун, Курманжан Датканын, Абды Сүйөркуловдун жана Бекмамат Осмоновдун сүрөт-элеси түшүрүлгөн.

Бул ишти ишкер Имамидин Ташов жасап, мамлекеттен бир тыйын кеткен жок.

Мындай желек буга чейин Баткен, Ош, Ысык-Көл областтарына орнотулган болсо, кийинки жылы Нарын областына орнотуу планы бар экенин айтат, Ташов. Ошондой эле, ушул эле ишкер тарабынан эми Бишкекке бийиктиги 100 метр флагшток орнотуп, ага ошого жараша көлөмдүү желек илинет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости