www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов учурдагы маалыматтык мейкиндикте мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү миссияны, башкача айтканда, өлкө башчысынын саясатын коомчулукка так, ачык жана өз убагында жеткирүү ишин ийгиликтүү аткарып келет.

Алагөзов жүргүзүп жаткан маалыматтык саясат жеңил популизмден, пиар-шоудон оолак болуп, реалдуу, ишке негизделген позицияны коомго жеткирүүгө багытталган. Ал резонанстуу окуяларга жана коомдук маанидеги маселелерге ыкчам реакция жасап, эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди сактап туруу милдетин ийгиликтүү аткарып жатат.

Маалымат берүүдө тактык, ыкчамдык жана жоопкерчилик, Алагөзовдун иш стилинин негизги өзгөчөлүктөрүнө кирет. Анын ишмердиги коомдук пикирди эске алуу менен ачык диалог түзүүгө өбөлгө түзүп, президенттин эл менен болгон байланышын бекемдеп келет.

Мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан реформаларын, саясий жана социалдык багыттарын элге жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада чагылдыруу менен Аскат Алагөзов маалыматтык саясатты олуттуу жана жоопкерчиликтүү деңгээлде жүргүзүп, маалымат мейкиндигиндеги туруктуулукту сактоого жана калыс көз караштын калыптанышына шарт түзүүдө.

Коомчулуктун ишенимине ээ болуу оңой эмес. Бирок Алагөзов бул ишенимди так маалымат, чынчыл позиция жана профессионалдык мамиле менен актап жатат десек жарашат.

Последние новости