www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Октябрь райондук сотунда коррупцияга айыпталып жаткан Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге козголгон кылмыш иши каралууда.
Ошондой эле айыптоо трибунасында муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, техникалык көзөмөл боюнча адис жана подряддык компаниянын жетекчилери бар.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын жай айынын башында УКМКнын башчысы Токмак шаардык мэриясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Ал алгач жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселени көтөрдү. Эс алуу аймагына тендер аркылуу 44 миллион сом бөлүнүп, анын 42 миллиону сейил бакты куруучу «Аль-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына берилгени белгилүү болду.
Бирок, чындыгында каражат аз жумшалып, курулуш иштерине шалаакылык менен мамиле жасалган.
Жыйында Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмак шаарынын мэри Максат Нусувалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А., «Аль-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору, маданият жана эс алуу багынын курулушуна жооптуу К.Т.Э. өзгөчө мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтиргендиги үчүн камакка алынган.