www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Маданият министрлигине таандык автобустун жолдун каршы тилкесинде токтоп турган видеосу тарады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери видеодогу фактыны тактап, транспорт каражатын токтотушкан.
Айдоочуга карата мыйзам талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.
Ал өз күнөөсүн мойнуна алган.
Мындан тышкары, айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча эскертүү берилген.
ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жолдо кооптуу кырдаалдарды жаратпоого жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун эске алууга чакырды.