www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун ИИББнин башчысы Самат Курманкуловду Москвадагы медициналык мекемеден Бишкектин госпиталына алып келүү маселеси азырынча ачык бойдон калууда. Бул тууралуу  КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында,  Курманкуловдун ден соолугунун абалында оң жылыштар уланып жатканын белгиледи.

“Москва менен Бишкектин реабилитациялык борборлорундагы шарттарда айырмачылыктар бар, андыктан бул маселе азырынча ачык бойдон калууда”,-деди Мадемин Мусаевич.

Ал Курманкулов дарыланып жаткан бөлүмдүн жетекчиси менен сүйлөшкөнүн  ырастады: “Мен ал дарыланып жаткан бөлүмдүн жетекчиси менен сүйлөшкөнүмдө Саматтын абалы жакшырып калганын айтты. Дээрлик өз алдынча басып калыптыр, бирок, баары бир аны жөлөп-таяп турушат. Тамак жейт, эсинде. Бирок, ал толук айыкты деп айтууга али эрте экенин билдирди", - дейт ал.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган.

Учурда ал Москвадагы медициналык мекеменин биринде дарыланып жатат.

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости