www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Биринчи Май районуна караштуу №5 бала бакчанын балдарынын ата-энелери мэриянын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактардын бири билдирди.
Маалыматка караганда, ата-энелер бала бакчанын орун башчысы Динара Мазымканованы жумуштан кетирүүнү талап кылышууда. Алар бала бакчанын администрациясын көптөгөн нормалар бузуп жана азыктар уурдалып жаткандыкта күнөөлөп жатышат.
“Мэриянын комиссиясы аталган фактыларды тастыктады: бала бакчага муниципалитет сатып берген 43 азыктан 18 гана азык табылган. Китепте 1,2 килограмм каймак алынары жазылган, ал эми ведомстводон өтпөйт. Уурулук болуп жатат”,-дейт адам укугун коргоочу Анара Дауталиева.
Ал Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сауле Мейрманованы иштен кетирүүнү талап кылып жатат.
Анара Дауталиева бала бакчадагы уурулук бул зомбулуктун бир түрү деп белгиледи.
“Мындай жагдайлар болгон жерде бар. Ошон үчүн биз мэр же шаардык кеңештин депуттаттары чыгуусун талап кылабыз”,- дейт укук коргоочу.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сауле Мейрманова комиссиянын жумушу бүтө электигин жана акыркы чечим чыга электигин билдирди. Анын айтымында бала бакчанын директору дарыланууга чыккан.
Булак: NazarNews.kg