www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдырдын күлүк тулпары так маңдайына алтын такасы менен балч эткизе эле тепкен бирөө бар эмес беле. Бактыбек Аширов деген эрке талтаң. Бала болуп башына жүн чыкканы майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап жүрдү. Же бир кыйраткан ишин көрө алган жокпуз, же бир жетекчи катары ооз толтуруп айтчу реформасын көргөн жокпуз.

Эт менен челдин ортосунда иштеп жүрдү. Башкача айтканда, кызмат аркалаган жөндөмү гана эт менен челдин ортосунда болгону болбосо, өзү жалаң май-көл, сүт-көлдүн ортосунда жүрдү.

Салык кызматын, Каржы полициясын (Финпол) жетектеди, Эсеп палатасында аудитор болду, айтор акча жыттанган жердин баарын майкандады. Учурда «шырп» алдырбай бөгүп жатат, коррупциянын илеби мага тийбей өтсө экен таризинде. Канткен менен бул «сүт эмүүчүлөр» карапайым элдин «эмчегин» соргону жашыруун эмес.

Эл эсебинен тайраңдап, кыз тандап, жандап, чет өлкөлөп, «бөтөлкөлөп» жүргөнүн тана алышпайт да. Же булар Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөнбү? Териштирилиш керек го, акыры…

Булак: “Де-Факто”

Последние новости