www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп барган Мурадил Жумадилде уулу жашабай жатып интриганы мыкты өздөштүргөн неме турбайбы.
Дегенибиз, Жумадилде уулу «Кыргызалтынга» көчүгү батып-батпай жатып, орун басар эмес, жетекчи болуу максатында интрига уюштурганы кандай? Жетекчиси Алмаз Алимбековду Жогорку Кеңештеги «шефтерине» (ред. Жумадилде уулу Жогорку Кеңештин тоо-кен тармагын тескеген комитетинде жетекчи болуп жүрүп «Кыргызалтынга» барган) жамандап келип атып, Алимбековдун маселесин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинде карата турган болгон.
Тактап айтканда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин тескеген Кожобек Рыспаев 26-февраль күнү боло турган комитет жыйынына «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбековду чакырткан эле. Күпүлдөгөн Кожокенин чакыруусун чымын чакканчалык көрбөгөн Алмаз Мусаевич жыйынга келген жок.
А биз болсо «Кыргызалтындын» ичиндеги интриганын автору Мурадил Жумадилде уулу экендигин жаземдебей баамдадык…
Булак: “Де-Факто”