www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Майып кызды сойкулукка мажбурлаган деген аялдар айыпты четке кагышты. Бул тууралуу кыздын адвокаты Айнура Османалиева билдирди.

Анын айтымында кыз аны притондо иштөөгө мажбурлагандарды тааныды.

“Кыз психикалык жактан жабыракайт. Ал жыл сайын медико-социалдык экспертизадан өтүп турат. Ушундан пайдаланган арам ойлуулар аны уурдап кетип, сойкулукка эркине каршы иштетишкен. Кылмышка шектүү деп кармалган үч аял өздөрүнүн кылмыштарын моюнга албай жатышат. Алардын айтымында кыз өзү каалап келип, сойкулук менен алектенген”,-деп айтты Айнура Сулайманова.

Адвокаттын маалыматына караганда милиция аны уурдап кеткендерди жана кыз иштеген притондун ээлерин издешүүдө.

“Тергөө тобу түзүлгөн. Үч кармалган аялдар притондун администратору жана экөөсү ошол притондун кызматкерлери. Алар кызды сабап, аны иштөөгө мажбурлашкан. Жашы жете элек өспүрүм алардын көрсөтмөсү боюнча көчөдөн кардарларды алып келген жана аны эч ким урган эмес. Алардын баш коргоо чарасы каралат”,-деп кошумчалаган адвокат.

Эске сала кетсек, буга чейин жашы жете элек кыздын таежеси милицияга кайрылган. Анын билдирүүсүнө караганда психологиялык жактан жабыркаган кызды Караколдон уурдап кетишип, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлашкан.

  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости