www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы Ош шаарындагы 7 келинди энелик укуктан ажыратуу үчүн сотко арыз менен кайрылат. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева маалымдаган.

«Биз быйыл жети энени энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко арыз менен кайрылабыз. Бул энелердин балдары кароосуз калган. Балдарын балдар үйүнө же жакындарына калтырып, кабар албай, дайынсыз жүргөн, сойкулук менен алектенгендери да бар. Дагы бир эне өз баласын сатканы үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сойкулук менен алектенип жүргөн жеринен кармалган бир келин бар. Анын ата-энеси менен сүйлөшкөнүбүздө “кызым жаман жолго түшүп кеткен” деп айтышты. Дайынын билдирбей койгондуктан, издеп жүрүшкөн экен. Баласын кароодон өткөргөндө кулагы курттап кетиптир. Бул аялдардын балдарын багууга шарты жок. Алардын балдары реабилитациялык борборго жайгаштырылган» деп билдирди Гүлзина Раева. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости