www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алгач эл аралап жүргөн быйылкы жаз соо болбойт деген сөзгө көңүл буруп көрөлү. Себеби, эски СССР мамлекеттеринин ичинен кызгалдакпы, мандалакпы революцияларды АКШ жасап көнүп калган жер Украина, Грузия жана Кыргызстан эсептелинет. Украина менен Кыргызстан АКШ тур десе туруп, ждат десе жаткан “марионеткаларына” айланган, Кыргызстан Орусия менен ШКУлаш, ЖККУлаш, ЕАЭБдеш кыскасы Орусия менен саясий, экономикалык, аскер, технологиялык маселелерди бирге чечишет.

АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы барбы?

Кыргызстан АКШга кирүүгө тыюу салынчу мамлекеттерине кирип калганы үчүн чоочуп жатат. Орусия буга эбакта көнүп бышы кулак болуп калган. Дүйнөлүк чоң жаңылыктарда кайра мекенибиздин аты аталды. Дональд Трамп келерки дүйшөмбү күнү жарыяланчу АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы бар экен. Бул кабар АКШнын жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, «дуу» эле болуп калдык. Кээ бир түшүнбөгөндөр муну «АКШ азыркы бийликке нааразы экен» дешип, кайдагы бир геосаясый себептерди издеп башташты. Кыргызстан менен биримдикте жүргөн Орусия АКШнын дүйнөлүк аренада атаандашы, АКШ Орусияга карата визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесине кошуп,экономикалык санкцияларды коюп жүрүшүп, көнүп деле калышты. Быйылкы жылы АКШдын дагы бир баш оорусу жаралат. Анткени, 2020-жылы АКШтын президентин шайлоо жылы. АКШтын президенти шайланаарда Орусия да чечүүчү ролду ойноп кетет. Анткени, АКШда орус тилдүүлөр шайлоочулардын эң активдүү адамдары. Англис тилдүүлөргө бары бир, ким президент болсо ошол болсун дешип, алар шайлоого көп кызыгышпайт, ал эми орус тилдүүлөр шайлоо болордо “тирилип” кетишет да чыныгы электорат катары шайлоону каалагандай чечип коюшат. 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Клинтондун жубайына каршы орус тилдүүлөр иштеп, Дональд Трамптын президент болушу үчүн орустар чоң роль ойногон. Ушундан улам Трамп  кайрадан шайланып келиши үчүн Орусия менен катуу чырдашуудан чоочуп турат.

Заман жаман болсо Атамбаев күнөөлүү, жакшы болсо Жээнбеков...

Сооронбай Жээнбековдун  президент болгонуна үчүнчү жыл кеткен. Алты жыл президент боло тургандар үчүн жоон ортолоп калды. Азырынча көзгө толумдуу чоң иштер деле жасала элек, бирок катачылык кетсе мурунку бийликтегилерди  күнөөлөй бериш туура эмес. Иштеш керек да. АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан дагы бардыгы, бул Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаковдун бир тараптуу, сокур саясатынын кесепети дешет. Так ошол өткөн өкмөт АКШ менен кызматташууну толук тоңдуртуп койгон. Анан Дональд Трамп кайсы бир жаңы мамлекеттердин тизмесин талап кылганда, АКШнын ички иштер департаменти жана Пентагон Кыргызстанды сунуштаганы таң калычтуу эмес. Биздин мамлекет Иран жана Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШ менен биздин атайын кызматтар толугу менен кол үзгөнүндө. Дүйнөлүк супер держава мындай мамилени кечирбейт жана жөн койбойт. Алар үчүн «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы» деген көз карашын карманганы эчактан эле белгилүү. Бир гана нерсени эске алышыбыз керек, Атамбаев президент кезинде АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан жок эле, андан бери Жээнбеков президент болгонуна үчүнчү жыл болуп баратат. Башка себептерди ойлосок деле болмок.

Орусия-  Кыргызстандын келечеги

Чындыгында Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, Орусия жолун бууп салса, Кыргызстандын экономикасы шал болуп калат. Ал эми АКШ визага тыюу салмактан миң салсын, Кыргызстан АКШтын  визасы жок эле өмүр сүрө берет. Кээ бирөөнүн айтуусунда  Сапар Исаков тышкы иштер боюнча кеңешчи катары Атамбаевди бир гана Орусияга сыйындыртып жүрүп, бүт башка мамлекеттер менен алыстаткан дешет. Атамбаевдин заманында АКШтын авиабазасы “Ганси” Кыргызстандан чыгарылган. Бул авиабазаны өздөрүнө алыш үчүн Казакстан ,Өзбекстан даай албай турушат. Анткени, Борбор Азияда АКШтын базасынын турушу Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгына жооп бербейт. Азыркы учурда Тажикстан менен Казакстан ЖККУга активдүү мүчө болсо дагы, АКШ менен терең кызматташуу программаларына тынбай катышышат. Биздин башкы штабдын генерал сөрөйлөрү ошону көрүп атышты бекен, буларды бекер акча алдырбай азыркы бийлик чуркатса болмок. Өткөн аптада эле АКШ Тажикстанга жардам көрсөттү. Эгер Тажикстан, Казакстан ЖККУга мүчө болуп туруп  НАТО менен иштешип жатышса, эмнеге Кыргызстан да иштешсе болбойт?

1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн.  Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан  ЖККУ келишимин узартышып, Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Өзбекстан ЖККУга мүчө эмес, ЕАЭБде да жок. Ошондуктан, Өзбекстан АКШдан  жүз миллиондогон долларга курал-жарактарды дайыма алып турушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости