www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Светтик өлкөдө молдолордун ишмердиктерине чектөө болушу – мыйзамдын талабы. Тилекке каршы, бизде диний аалымдар саясатка аралашып, карапайым элди туңгуюкка ээрчитип бараткандай сезилет.
Маселен, Максат ажы Токтомушевге муфтияттагы оңго-солго “солонгон” миллиондор изи менен иш козголбоду беле? Анысын унутуп коюп, Фейсбукта, Ютубда өзүн пиар кылып, диний үгүттөрүн күчөткөн кербези.
Мечиттен айткан “аалымдыгы” интернет айдыңын толук кандуу ээледи. Ооба, артында миңдеген күйөрмандары бар. Мындай көрүнүштө ал диний сабаттуулукту үйрөтсө бир жөн, тилекке каршы, фанаттары аркылуу кайра муфтий болорун жаздырып, керек болсо күздөгү парламенттик шайлоого катышууга кириштиби? Олуттуу суроо жаралууда.
Натыйжада, Максат ажынын муфтийликти кыялданууга моралдык укугу жок. Ал жактан чыр-чатак менен кетти. Эгерде кимдир бирөөнү сүрөсө да жарашпайт. Андыктан, тек гана молдолук кесибин аркалап, тынч жүрсө...
Булак: Азия News гезити