www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малика-Дина Дубайга учуп кетет

Ырчы Малика Дина бир жумадан кийин кайрадан Дубайга учуп кетүүгө камданып жатат. Бул тууралуу апасы Динара Акулова 5news.kg маалымат-порталына билдирди. Анын айтуусунда Малика Динага карата козголгон иш жабылып, бүгүн жакындарына түлөө өткөрүп жаткан чагы. Ал эми чуулгандуу окуя аягына чыгып, кызы кайрадан ишине кайта турганын да кошумчалады. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Малика Динага карата «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, көп өтпөй баары жайына келген. Бирок ага карабастан май айында Малика Дина Дубайдан учуп келери менен кайрадан анын атына арыз түшүп, укук коргоо органдары суракка алган.

Окуя боюнча ырчы кыз тааныштарына өзүнүн паспортун колдонуп Лексус үлгүсүндөгү унааны ижарага алып берген. Тилекке каршы тааныштары аны кайтаруунун ордуна, сатып жиберишкен. Ал эми кепилдик катары Малика Дина тургандыктан, бул ишке жооп берүү дагы анын моюнуна жүктөлгөн.  Жыйынтыгында Лексус үлгүсүндөгү унааны төлөөгө мажбур болгону маалым.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости