www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Мамбетжунус ага, Кыргызстандын саясый айдыңындагы бүгүнкү абал тууралуу эмне айта аласыз?
- Бийлик алмашкандан кийин деле элдин жашоосу оңолбой жаткандыктан, өлкөдөгү саясый кырдаал жөнөкөй эмес. Мунун бир нече себептери бар. Биринчиси, бийлик бизде бир колго топтолгондон кийин деле өлкөдө ишсиздикти, жакырчылыкты жоюу боюнча өкмөттүн алгылыктуу иштери элге көрүнбөй жатат.
Экинчиси, коррупцияга каршы күрөш коррупциянын өрчүшүнө эле жол ачып жаткандай туюла баштады. Себеби, “коррупцияга шектүү” делген адамдар камакка алынып жатканы менен соттун өкүмү жок эле, алар тергөөчүнүн макулдугу менен бошотулуп, үйлөрүнө чыгып жатышат. Тергөөчүнүн сунушуна макул болбогондорго, алардын камакта кармоо мөөнөттөрүн тергөөчүлөр каалагандай соттор кайракайра узартып жатышат.
Адамдын тагдыры тергөөчү каалагандай эле бычылып, чечилип жатканда, ким ага “таза иштеп жатат” деп кепилдик бере алат? “Бийлик өзү коррупцияга аралашып жатат” деген шектен алыс болуш үчүн, коррупцияга шектелген адамдар бизде да өздөрүнө тийешелүү акчаларды же мүлктөрдү тергөөчүсүз эле кепилдикке коюп, камактан сыртта туруп сурак бере берүүгө укуктуу болушу керек.
Коррупцияга каршы биздин бийлик колдонуп жаткан бүгүнкү ыкма буга жол бербей жаткандыктан, бул ыкма бийлик чөйрөсүндө корупциянын өрчүтүп жаткан ыкмадай туюла баштады. Үчүнчүсү, “үч айдын ичинде өзбек-кыргыз чек арасы толугу менен чечилет” деп бүгүнкү бийлик жар салды эле, мунусу жалган чыгып, орустар айткандай, «воз и ныне там». “Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечип жатабыз” деп бүгүнкү бийлик жар салды эле, тажиктер кыргыздарга кол салгандан кийин эл бийликтин айткандарына ишенбей калды.
Төртүнчүсү, Кумтөр келишими Көкөтөйдүн ашында чыккан чуудай эле эл аралык чууга айланып кетти. “Экологиялык талаптарды бузду” деп канадалыктардан биздин бийлик кайра тартып алды эле, канадалыктар бизди соттон утуп алышты. Кумтөр келишимин жокко чыгарыш үчүн эми биздин бийлик “Кумтөр келишими коррупция жолу менен түзүлгөн” деген далилдерди эл аралык сотко даярдап жатат.
Себеби, Кумтөр алтын кенин соттун чечими жок эле биздин бийлик канадалыктардан тартып алып, иштетип жаткан. Алар бизди соттон утуп алгандан кийин “бул келишимге канадалыктар коррупция жолу менен ээ болгон” деген фактыны келтирүүгөкыргыз тарап кайра бурулду. Буга далилдерди келтириш үчүн, мурдагы кыргыз бийлигинин өкүлдөрү камакка, суракка алына баштады. Өлкөдөн качып кетишкен мурунку биздин өлкө башчыларыбыз Акаевге, Бакиевге жана бүгүн камакта отурган мурдагы өлкө башчыбыз Атамбаевге Кумтөр келишими боюнча кылмыш иштери козголду. “Мурунку өкмөт башчылар Чынгышев менен Жумагулов Кумтөр келишимине кол коюуда кылган күнөөлөрүн мойнуна алышты” деп жарыяланды. Күнөөлөрүн мойнуна албай жатышкан мурунку өкмөт башчылар Бабанов менен Сариев камалып, сурак берип жатышат.
Ушундай тагдырга парламенттин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров жана башкалар да дуушар болуп отурушат. Бирок аты аталган биздин бийликтин бир да өкүлү Кумтөр келишими боюнча реалдуу жазага тартылбайт. Себеби, Кумтөр келишиминин жазага тартуу мөөнөтү өтүп кеткен. Чынгышев менен Жумагулов ошондуктан күнөөлөрүн моюндарына алышып, ал эми өз өлкөсүнөн качып жүргөн Акаев Кумтөр келишими боюнча сурак берүүгө Кыргызстанга келип, мындан ары ал Кыргызстанга эркин кирипчыгууга жана жашоого шарт түзүп алды. Муну байкабаган адамдар Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келишине кызыкдар болгон бүгүнкү бийлик биринчи иретте “Кыргызстанга Акаевди алып келмейинче, Бакиевди алар алып келе алышпайт болчу” деп айтып жатышат. Менин жеке пикирим Бакиевдин келишине эмес, Акаевдин келишине бүгүнкү бийликте муктаждык пайда болду.
Себеби, канадалыктардан Кумтөр алтын кенин тартып алганы менен бүгүнкү бийлик аларга соттон баары бир утуларын билип калды. Биздин бийликте ошондуктан канадалыктар менен кайра элдешүү зарылчылыгы пайда болду. Бирок, канадалыктар Акаевге гана ишенип, Кыргызстанга келишкен, аны менен гана макулдашып, Кумтөр келишимине кол коюшкан, алар бүгүн да Акаевге гана ишенишет. Ошондуктан суракка чакырылган Акаевди президент Жапаров өзү резиденциясында кабыл алып, анын камакка алынбашына өзү кепил болуп отурат.
- Күздөгү парламенттик шайлоо тынч өтөбү?
- Мен келтирген ушул төрт эле мисал өлкөдө саясый кырдаалдын жөнөкөй эместигин далилдей алат. Бүгүнкү бийликке элдин ишеними аз болуп жатканда, өлкөдө парламенттик шайлоо болгону турат. Бийликти колдон чыгарбаш үчүн бийлик үч саясый партияны парламентке киргизүүнү көздөп жатканы айкын болду. Булар “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Атажурт Кыргызстан”. Бийликке элдин ишеними азайып жатканда, бийлик “таза шайлоо өткөрөм” десе, аталган партиялар шайлоодо утулушат. Эгер шайлоо таза өтпөй турган болсо, шайлоодон утулган саясый партиялар буларга каршы элди көтөрүүгө барышы ыктымал. Ошондуктан, өлкөдө алгылыктуу өзгөрүү болбой жаткандыктан, бүгүнкү бийлик кантип бийликке келсе, ошол жол менен кайра бийликти колдон тарттырышы мүмкүн... Себеби, бүгүнкү бийликтин курамында элдин ишенимине арзыган бир да киши жок.
Булак: Азия News гезити