www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы бир нече ирет коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, паракорчулук, жемкорлук менен республикада айыгышкан күрөш жүрүп жаткандыгын байма бай айтып жатат. Жогорку кызматтардагы ондогон чиновниктер президент, өкмөт тарабынан ишеним артылган милдетти өз деңгээлинде аткара алышкан жок. Бул жалпы коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда. Жалпы эл көтөргөн маселелер четке кагылып, чечилбей калган жагдайлар арбын. Андыктан, укук коргоочулар кайра-кайра жазып, аргасыздан бийликке кулак кагыш кылганга мажбурбуз.

Тилекке каршы, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет айдыңындагы социалдык тармактарда коррупциялык схемаларга, чиновниктердин мыйзамсыз иштерине байланышкан канчалаган макалалар жарык көрүп жаткандыгына карабастан мыйзамсыз иштерге жол берген мамлекеттик органдардагы кой терисин жамынган ичкич-жегичтерге, бул тармактарда күч алган коррупцияга, паракорчулукка каршы иш-аракеттер жүргүзүлбөй калып жатканы өкүнүчтүү. Сөзүбүз куру болбосун үчүн, фактыга токтолсок.

Акционерлер Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрөгасы Ренат Тулебердиевдин мыйзамсыз иштерине кайдыгер карап, көз жумуп кое албай калышты.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин бир мүчөсүнүн орду 2018-жылдын май айынан бери бош тургандыгы көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратууда. Директорлор кеңешинин мүчөсү эбак шайланып, кызматына киришиши керек эле.

Эске салсак, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун уставына ылайык директорлор кеңешине мүчөлөр бир жылга гана шайланат.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын «Акционердик коому жөнүндөгү» мыйзамдын 43-беренесине ылайык, финансылык жыл бүткөндөн кийин, 30 күндүн ичинде 2019-жылдын 30-январына чейин акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун күн тартибине бир пайыздан кем эмес добуш акцияга ээ болгон акционерлер бирден көп эмес сунуш киргизет жана шайлануучу органдарга талапкерлердин тизмесин сунуштайт. Финансылык жыл бүткүчө директорлор кенешинин толук курамын шайлоо боюнча Мамлекеттик фондунун төрөгасы Р.Тулебердиев бир дагы чара көрүп, аракет кылган эмес.

Эми акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун күн тартиби түзүлөрүнө аз убакыт калса дагы (30-январь), акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун 2019-жылдын 16-январында өтөбүз” деп, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна кат жолдогон.

Тактап айтканда, акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун күн тартибине коомдун Уставына ылайык “директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо“ маселеси милдеттүү түрдө киргизиле турган жагдайда, жаңы жылдын башында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүп жана анда директорлор кенешинин бир мүчөсүн шайлаганга кандай зарылчылык болду экен? – деген суроо туулат.

Балким, өлкөбүздөгү каражат каатчылыгын эске албай, шалаакылык кылуу же болбосо, кезектеги көз боёмочулук - кызыкчылык оюну болуп жүрбөсүн. Анан калса, “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна жолдонгон катка директорлор кеңешинин резервинде турган талапкерлердин тизмеси толук камтылган эмес. Директорлор кеңешине мүчө болгонду самаган «тандалма талапкерлердин» каалосу менен акционерлердин жылдык жалпы чогулушуна саналуу эле эки жарым, үч ай калса дагы кезексиз чогулуш өткөрүүгө жол берилгендигине өкмөт тараптан көз салынса эл ыраазы болор эле.

Анткени, кээ бир акчасы же колдоочусу жок «шордуу» талапкерлерди тизмеге киргизбей, сүрүп чыгаруу аракеттери жүрүп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондусунун жетекчилери камалып жатса дагы, “үйрөнгөн адат калабы” дегендей, Ренат Тулебердиев көшөрүп мыйзам бузуп, коррупцияга аралашканын калтыра албай келет.

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков элден ачык-айкындыкты талап кылууда, “ачык жазгыла, коркпогула” деп байма-бай айтып, жамы журтка дем берүүдө, андыктан, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан фактыдан тиешелүү жетекчилер жыйынтык чыгарып, өз жообун айтат деп, кайрылууну чечтик. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусундагы баш аламандыкты, мыйзамсыздыкты токтотуу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис талабы, анткени, ар бир мекеме-ишкана, ар бир кыргызстандык жаран өнүгүү факторуна салым кошкон өлкө мыйзамдарынын чегинде иштеши керек.

Качкын Булатов, укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости