www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убактарда өлкөбүздө Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы мамилени бузууга багытталган акциялар уюштурулуп жатканы маалым. Аларды кимдер уюштуруп атканы деле коомчулук үчүн жашыруун болбой калды. Өзү кече эле бийликте турганда Кытай менен мамилени стратегиялык деңгээлге чыгарыш керек деп жүргөн экс-ажо азыр “антикытай” акцияларын уюштуруунун демөөрчүсү болуп калды деп жазып чыкты Фейсбуктагы "Чыркыраган чындык" тайпасы.
Мындай акцияларды уюштуруп аткандардын айтымы боюнча биздин өлкөнү Кытай жарандары кумурскадай эле каптап кеткен болуп калууда. Ырасында эле ошондойбу? Расмий статистика андай эмес экенин далилдеп турат.
Кыргызстанга кытай жарандары негизинен жумуш иштөө үчүн гана келишет. КР өкмөтүнүн алдындагы миграция кызматы 2018-жылдын 1-декабрына чейин 12 573 чет элдик жарандарга иштөөгө уруксат кагазын берген. Анын 9498и Кытай жараны. Ушундай эле кырдаал акыркы 8 жылдан бери болуп келатат.
Кытай жарандары негизинен өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, геологиялык чалгындоо, тоо-кен өнөр жайы жана соода-сатык тармактарында иштешет. 2010-жылдан 2018-жылга чейинки убакыт аралыгында Кытайдан Кыргызстанга кирген миграциялык агым өзгөрүп турган. Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга салынган инвестициянын да көлөмү өзгөрүлүп турган.
КР юстиция министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 5 жылда Кыргызстандын территориясында КЭР резиденттеринин катышуусу менен 1007 юридикалык жактар катталган. Кайра катталгандары 631 болгон.
Кытай миграциясын кармап турган факторлордун бири – бул виза режими болуп саналат.
Мындан тышкары, кытай мигранттары массалык түрдө кыргыз жарандыгын алууга аракет кылышкан жок экенин, алар убактылуу гана иштеп, анан кайра өз өлкөсүнө кетип жатышканын белгилеп коюу керек. 2010-жылдан 2018-жылдын аягына чейин 269 Кытай жараны Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын 172си этникалык кыргыздар, 72си уйгурлар, 9зу дунгандар, 6 - кытай, 9 –өзбек, 1-казак экенин да эске алуу керек.
Демек, дүрбөлөңгө түшө турган жагдай жок. Баары көзөмөлдө. Андыктан бүгүнкү күндө антикытай акциясын уюштуруп аткандар – жөн гана бийликке жетүү үчүн аны курал кылып аткандар болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg