www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз Ата” саясий партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев, NazarNews.kg маалымат агенттигине байланышып, жаңы жылдан кийин күчүнө кирип, коомчулуктун нааразычылыгын жараткан кодекс тууралуу оюн билдирди.
- Негизи коомдук жайда түкүрүү туура эмес, бирок айып пул элдин жашоо деңгээлинен ашык болбошу керек. Акыр-чикирлерди таштаса, таза сууну булгаса машина жууп, агынды трубаларын уласа жана түкүрүк үчүн 5 500 сом төлөйт деген чоң акчаны эл көтөрө албайт. Ошого ылайык коомдук жайлар, санитардык гигиеналык абалда болушу керек. Коомдук жайлардын тазалыгы талапка жооп бербейт. Ал эми ичип алып айдаган жана катуу ылдамдык боюнча айыптарга кошулам, аларды эпке келтирүү үчүн айып пул көбөйгөнүн колдойм. Бирок, ошол эле учурда ремен тагынбагандыгы үчүн айып пулду 300 сомдон 1000 сомго көтөрүү жана башка айыптар ашыкча болуп калган. Коомдун нааразычылыгын пайда кылган мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо болушу керек.
Булак: NazarNews.kg