www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" аэропортунун учуу аймагында жайгашкан дүкөндөн декларацияланбаган товарлар табылды. Келтирилген зыян 18,5 миллион сомдон ашыкты түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, товарлар "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧКнын алымсыз соода дүкөнүнөн табылган.
2022-жылдын ноябрынан баштап "Э.С.В. Дьютифри" ЖЧК алымсыз соода дүкөнү 107 миң 954 даана көлөмүндө товарларына карата (алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарды жана тамак-аш азыктарынын ассортиментин) алымсыз соода процедурасы боюнча (ИМ-96) жол-жоболоштуруу жүргүздү.
Бирок, аталган ЖЧКнын кеңсесинде жана кампасында жайгашкан тамеки жана алкоголдук продукциянын калган товарларын жана башка товарларды инвентаризациялоонун жыйынтыгында бажы шартында таризделбеген көп сандагы товарлар аныкталган.
Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейинки мезгилде бажы органына товарлардын декларациясынын жок номерлерин көрсөтүү менен бир катар отчетторду берип, муну менен атайылап жалган маалыматтарды берген.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 18 млн 730 миң 512 сомду түзгөн. Чогултуган материалдар каттоого алынып, негизи боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Булак: NazarNews.kg