www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК диплому жасалма деген негизде Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановду 6-июлда мандатынан ажыраткан. 

Андан бери дээрлик 4 айга чукулдап калды. Учурда Алимжанов жогорку билимин тастыктаган диплому жасалма эместигин сот аркылуу далилдөөгө аракет көрүүдө. 

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Бүгүнкү күндө диплому жасалма деген маалыматты четке каккан Фарходбек Алимжанов мандатын коргоо үчүн БШКнын чечими боюнча сотко кайрылып, акыйкат издеп жатат. Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Мындан соң эл өкүлү Бишкек шаардык сотуна даттанган. Шаардык сот Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында көтөрүлүп, Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды. .

Мындай сунушту айткан фракция лидери Жанарбек Акаев Алимжановдун дипломуна байланыштуу коюлган айыптар негизсиз экенин, БШК чечимин депутатка карата адилетсиз мамиле катары баалай турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо БШКнын чечими кечигип кабыл алынганын сындап, мунун себебин сурады.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо алдында Алимжановдун диплому жөнүндө маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги текшерип, оң корутунду бергенин, шайлоо бүткөндөн кийин диплом маселесине байланышуу талкуулар көбөйгөндө укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштаганын билдирди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген. Шайлдабекова мындан улам БШК Билим берүү жана илим министрлигине кайра кайрылганын айтты.

"5-июлда Билим берүү министрлиги жөнөткөн маалыматта Ош мамлекеттик университети Алимжановго диплом берүү боюнча 2016-жылдын 23-июнундагы буйрук жокко чыгарылып жатканын билдирген. Анткени аны берүүдө одоно мыйзам бузуулар болгон деп жазылган. Министрлик депутаттын экинчи диплому да жараксыз экенин тактады. Себеби экинчи жогорку билим биринчи дипломдун негизинде кыскартылган мөөнөттө берилген. Ошондуктан президенттин алдындагы башкаруу академиясынын экинчи дипломду берүү боюнча буйругу да чыгарылганын айтышты. Мунун баары расмий каттагы маалыматтар", - деди Шайлдабекова.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс") дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости