www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – “чоң муштум” атыккан Жаныбек Абиров. 

Кечээ эле коомчулукка “чоң муштум” катары таанылган Жаныбек Абировдун эл өкүлүнө татыксыз жоругун коомчулук унута элек. Өзүн алып жүрүү маданияты олуттуу суроолорду жараткан бул эргул, деңгээли депутат болууга шайкеш келбей турганын эчак далилдеп берген. 

Өкүнүчтүүсү, “кар басты, из басылды” дегенби, эми минтип убакыт өттү билинбей калат деген “куйту амал” менен моралдык жоопкерчиликти уруп ойнобой, кайрадан эл өкүлү болмокчумун деген таризде аламанга аттанып чыгыптыр. Бул кылыгы аркылуу Жогорку Кеңештин кадыр-баркын, элдин ишенимин да тебелеп жатканы шексиз.

Дегенибиз, мандат атасынан калган мурас эмес. Ал ишеним менен, жоопкерчилик менен берилчү ыйык милдет. Ушундан улам, Жаныбек Абировго “элге татыктуу кызмат кылуу максатың чын эле барбы, же парламент сен үчүн болгону таасир менен байлыкты сактоонун жолу болобу” деген суроону кабыргасынан коюга туура келип жатат.

Андыктан, карапайым калк дагы бир ирет жаңылып калбаш үчүн, өткөндөн сабак алышы керек. Элге Абировго окшогон ишенимди “чоң муштумдугу” менен талкалагандар эмес, жаңы, таза, жоопкерчиликтүү көз караштагы өкүлдөр керек. Бул жолу тандоодон жаңылбоо милдет.

Последние новости