www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-октябрда, Өзбекстандын Самарканд шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышкан. Кыргызстандан барган делегацияны Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов жетектеген.

Борбордук Азия мамлекеттеринин коргоо министрлеринин алгачкы жолугушуусу «Аза күткөн эне» монументинин алдына гүлчамбар коюу аземи жана мамлекеттик желектин алдында расмий сүрөткө түшүү менен башталган. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар жыйынтыктоочу документтерге кол коюлган.

Эртең, 21-октябрда, коргоо министри Руслан Мукамбетов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти да катышып жаткан “Birlik–2025” аттуу биргелешкен аймактык машыгуунун активдүү фазасын байкоого катышат.

Последние новости