www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар элдин кызыкчылыгын коргойбу же өз капчыктарын кампайтып жан багышабы деген маселе коомдо ар дайым козголуп келет. Буга себеп болчу мисалдар арбын. Мына карапайым эл кытайларга каршы митингге чыгып алды камалып, арты штраф төлөп жүрсө, «биздин» депутаттар кытайлардын артынан чуркап жүрөт. Айтайын дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмасбек Акматов менен Искендер Гаипкулов балдары Чыңгыз Акматов менен Шергазы Гаипкуловду ээрчитип алып, Кытайдын кафель чыгарган заводунда өз бизнестерин гүлдөтүүнүн айла-амалдарын издеп жүрөт.
Анткени обои, кафель саткан «Галерия» дүкөнү Гаипкуловго таандык. Барса эмне экен, өз акчаларыбызга бардык деп кыйкырып чыгышаары турган иш. Бирок жеке компания менен жеке жолугушуу болсо, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты деген төш белгини тагынып алып, балдарьш ээрчитип алышып шадыраңдап жүрүшкөнү кандай? Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонгон эргулдарды ооздуктачулар барбы?
Булак: "Фабула"