www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку башчысы, Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов кримтөбөл Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенин  кандайча укканын, ага кандай катыштыгы бар экендигин ММКларга берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча маалымат кесиптештери тарабынан жеткирилген. 9-апрелде кечинде “Манас” КППнын башчысы чалып, аэропортто УКМК менен ИИМ кызматкерлери жайнап жүргөнүн кабарлаган. Андан тышкары, ал жакта Кыргызстандан чыгып кетүүгө кам урган Азиз Батукаев да бар экенин кабарлаган.

“Мен “Батукаев абакта жатпады беле? Анын бошотулгандыгы боюнча кагазы бар бекен? Ошону сурагыла”- дегем, кайра КПП башчысы мага чалып: “Батукаев паспортун жана ЖАМКнын уруксат кагазын көрсөткөнүн”, - айткан. Аэропортто жүргөн УКМК менен ИИМдин кызматкерлерине менин кызматкерим барып, Батукаев тууралуу маалыматты бергенде, алар ага каршылыгы жок экенин билдиришкен”,- деп айтты Т.Мамытов.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости