www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Качкак Шадиевдин депутаттык мандатынын маңкасын чыгаруу мынчага созулганы гана кызык болду. Нени күтүштү, билгендер айтпайт, билбегендер билбей эле калышты. Чоң сыр болгондой Шадиев асманды ийини менен көтөрүп жүргөндөрдөн деле эмес. Болгону куйту, кошоматчы.. сууну кимдин колуна кимге качан, кантип куйушту жакшы өздөштүргөн аферист. Акыры уялышты окшойт коомчулуктан... 2-ноябрда аш-пушта Шадиевдин мандатынын маңкасын чыгарып салышты.
Ким эле..БШК дегени да. Токтото албай жүрүштү эле, күтүүсүз эле токтоттук деп жар салып ийишти. Кала берсе анын ордуна келчү" жаңы бир "Бирболчу" Эрмамат Тагаевге мандатты тапшырууга да үлгүрүштү. Демек, бир мандем болгон. "Бовосо" мындай кадамды качан эле жасашмак да...
Эң кызыгы мандатты "жулуп"алышкан соң башталды. Качып , "партизанга" айланып үнкатсыз жүргөн Шадиевден үнү бүтүп, мандатты алуу беймыйзам, мен деген сүттөй акмын, бул деген саясий куугунтук... жазган арызым жасалма....деп жар салды.
Буга таң калган "Бир бол" фракциясынын чыгааны А.Сулайманов "Шадиев кимдин башын айландырып атат, өзү жазып бизге жөнөткөн, анын арызын жасалма кылгыдай башыбыздын ордунда эле" деп үстөлдү бир муштады.
Кептин ачыгы бир жерине оор келгенде "тырталааңдап", калптан болсо да "жабырлануучу" болойун деген эле куйтулук. Бир сөз менен качтыңбы, абийриңи, намысыңы чачтың. Бүттү.Эми артка кайра жол жок!
Абдилда Андакулов
Булак: "Кабар Инфо"