www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медик-министрдин жомогу

Сөздү кантип багат, не үчүн деген соболго башын оорутуп түшүнбөсө деле кыргыздын кечээки-бүгүнкү атка-эшекке минерлери оозунан чаңын буркуратып сүйлөшөт дейсиң.. Тим эле оозуңу Ошту каратып салат. Транспорт министрлиги жолго акы алсак "жыргалзим" курулат деп "балп этсе, саламаттыкты сактоо министри Космос Чолпонбаев медиктердин штатын кыскартуу аркылуу 12 миллионду үнөмдөп айдан алма үзөбүз деп "талп" этип ийди.

Шутка, бамбарбия... деп эле отуруп калышты баары. Медицина жаатындагы оркойгон кемчиликтерди жамаачылабай, башынан кырааты менен оңдоонун ордуна бейтаптарды дарылап жатышкандарды кыскартуу менен ыслаат жасайм деген акылдан-азап кантип келди экен башыңызга?

Эң кызыгы, ошол министрликтин имаратынын "визиткасы" болгон маңдайына илинген тактайдагы жазууга бир карап койсоңуз балким башкача ойлонуп калар белеңиз.Мурунку министрлердин бирөөсү да аны көрүшкөн эмес, байкашпаган дагы майда-чүйдө дешип..

Сабаттуу болсоңуз ошол тактайда «Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо министерствосу» деп жазылып турат. Ишенбесеңиз көз айнек тагып алып туруп окуңуз. Балким ошону заманбап өзгөртсөңүз, балким ар кандай шашма популисттик кадамдардан арылар белеңиз.

Булак: "Кабар инфо"
 

Последние новости