www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда быйыл оор турмуштук абалда жашаган 4278 бала аныкталып, алардын 2847си боюнча балдарды коргоо планы иштелип чыкканын жар салды.
Бул балдардын 94ү зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганы белгилүү болду. Алардын кыркы уруп-сабоого, 39у сексуалдык, он беши психикалык зомбулукка тушуккан. Ал эми ички иштер министрлигинин Жашы жете электер инспекциясынын жетекчиси Марат Сапаев быйыл июлда 2018-жылдын башынан бери балдарды зордуктоо боюнча катталган кылмыштардын саны 7Отен ашканын билдирген. Балдардын 80 пайызга чукулу жакындарынан кордук көрсө, кылмышка баргандардын 43 пайызы жабырлануучу менен бир үйдө чогуу жашагандар болуп чыкканын айткан.
Изилдөөдөр Кыргызстанда 14 жашка толо элек балдардын 57 пайызы зомбулукту көрүп чоңоёрун көрсөткөн.
Эми мындай тескери тенденцияны жаңы жетекчи Улукбек Кочкоров алдын-алып, жемиштүү иштеп, үлгү көрсөтсө болгону.
Булак: "Ачык саясат"