www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда идеология барбы деген ой туулат. Болсо идеологиянын башаты Билим, илим министри болуш керек. Биз татаал заманда жашап жатабыз, жакында президент Жээнбеков чек арачылар менен жолугушуп жатып, диний экстремист-террорчулардын күч алып баратканын баса белгиледи. Кыргызстанда калктын 80 пайызы ислам динин тутат деген кеп бар. Биз салттуу исламды, мындайча айтканда ислам дини менен катар кыргыздын каада-салтын кошо ала жүрөбүз. Бизди корейлер, кытайлар, европалыктар ислам мамлекети деп таанышат. Бирок, ислам дининде ар түрдүү агымдар пайда болгон. Мисалы Хизбутчулар  халифат орнотууну, бийликти күч менен басып алууну көздөшөт. Таблиг жамааты мусулмандарды караңгылыкта кармаш үчүн мектепке барууга, телевизор көрүүгө жана башка жаңылыктарга тыюу салат. Кыргызстанда бир топ агымдардын иш-аракетине тыюу салынган. Биздин азыркы күндөгү талап идеологияны күчөтүп, мамлекетибиз тыюу салган агымдар менен күрөшүү.

Биз кантип күрөшүп жатабыз? Башкы идеологияны жүргүзүп жаткан Билим, илим министрлиги жаңы окуу китептерин чыгаруу учунда “Билим-компьютер” ЖЧКсы каталарга жол берди. Мейли, окуучулар ката-пата окуй беришсин дешип мыйыгынан жылмайып коюшту. Ошол эле кезде миңдеген мектеп, миллиондогон мектеп окуучуларын жетектеген, миңдеген окумуштуу, жождун окутуучулары бар бул министрлик жоктон тапкансып, кечээки эле “студентке” бир келжиреген программа түзүп, өзүнө кеңешчи кылып алды. Кыргызстан идеологиялык оор кырдаалдар турганда туура кеңеш бере турган салабаттуу окумуштуулар жок калганбы? Бул кеңешчинин айтымында мындай: “Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик. Конкреттүү алдыга койулган пландарым менен бөлүшүп кетейин, эми мамлекеттик деңгээлдеги иштерди жасайбыз. Өзгөчө басым, аймактагы жаштарга болот.
1. Кореянын номер бир IT академиясын же мектебин Кыргызстанга куруу.
2. Европа мамлекеттери, Япония, Корея жана башка мамлекеттерден бюджеттик квоталарды көбөйтүү.
3. АУЦА жогорку окуу жайын Ошто ачуу боюнча сунушумду берем.
4. Башка мамлекеттерден чет элдик студенттерди Кыргызстанга тартуу боюнча дагы механизмдери иштеп чыктык.
5. Баардык бюджеттик квоталар боюнча конкурстарды онлайн режиминде өткөрөбүз.
6. Чет жакта окуп, бүтүп келген жаштарга жумуш оруну менен камсыздоо боюнча долбоор иштеп чыкканбыз, атайын сайт ачылат, ошол жактан бүт маалымат алып турсаңар болот”.

Мунун бары жарнама сыяктуу, эч фактысы жок. Анын үстүнө Билим,илим министринин 24 жаштагы кеңешчисинин социалдык тармакта жазгандарында каталар жүрөт, орус тилинде жазылгандарды кыргызчалап берген эмес. Албетте, Гүлмира Кудайбердиева окуу китептеринен ката болсо эмне экен дегендей, ката болсо эмне экен? Ката жазган Нурсултан Кубанов эл аралык ал-абал боюнча кеңешчи болуп дайындалыптыр деп жаштарга жумушчу оруну түзүлүп калыптырбы? Азыр эл аралык деңгээлде экстремист-террорчулар тууралуу маселе өтө курч , чет мамлекеттен, Араб мамлекеттеринен, Пакистандан кээ бир тыюу салынган ислам агымдарынын өкүлдөрү келип жатышат. Эң приоритеттүү багыт ушулар менен күрөшүү болуш керек. Бул боюнча министр менен 24 жаштагы кеңешчи кабардар эмеспи? Же кыргыздар айткандай «Маңкага бучук үйүрбү”...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости