www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлиги жана жаңы өкмөттүн түзүмү менен курамы каралууда.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповдон “5600 сомго жашай аласызбы” деп суроо узатты.
Ага Марипов жашаса болот, бирок кыйын деген пикирин айтты.
--“Дастан Далабаевич 5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам, эң төмөнкү көрсөткүчтү айтып жатасыз”, – деди Марипов.
Өз кезегинде эл өкүлү жашоо минимуму деп 5600 сомдун бекитилип калганын, базарда баа өсүп бирок айлыктар көтөрүлбөй жатканын айтты.
Буга Марипов “арга жоктун иши болууда” деген жообун узатты.
Булак: NazarNews.kg