www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы жол кырсыгынан көз жумган Темир Жумакадыровдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн аракеттер башталган. Маселен, маркум өсүп чоңоюп, мектепти аяктаган Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн бирине Темир Жумакадыровдун ысымын ыйгаруу боюнча жаңылык чыкканы менен азырынча иш жүзүнө ашпай турат. Ошол эле Чолпон-Ата шаарында көчөлөргө ысым берүү боюнча мораторий кабыл алынып калганынан улам мындай иштер ордунан козголобой туру. Көзү өткөндөдүн рухтарын ыраазыы кылбасак, бу жалганда басып жүрүп не муратка жетебиз?

Кыргыздын кыйындарын көзү барда баалабасак да, көзү өткөн соң татыктуу эскерип, рухун ыраазы кылышыбыз керек го. Андыктан, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары тез арада ушул маселени күн тартибине алып чыгып, ишти оң жагына чечишсе, арбак алдында ыраазы болорлук гана иш жасашмак. Коопсуздук кеңешин ирет жетектеп, кыска аралыкта президенттик аппаратты, андан соң өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук жаатына жооптуу вице-премьер-министрликти аркалаган Темир Жумакадыровду мамлекеттик кызматта өзүнүн тазалыгы менен чыйыр салганы бар.

Ушундай шартта бейиши болгур мындай инсандын ысымын унутпай, түбөлүккө калтыруу менен урпак алдындагы милдетибизди тезирээк аркалашыбыз керек. 

Булак: "Азия news"

Последние новости