www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев: "Мени чиновниктин баласы деп, башкача көз карашта болгондор капа кылат", деп Факты.kg гезитине маек курган.

Өзүң балалуу болгондон кийин ата-эненин баркын толук түшүнөт экенсиң

Мен кичи мекеним Алай району Үч-Дөбө айылы, бирок мен ал жакта төрөлгөн эмесмин. Атам ар кандай жумуштар менен ар кайсы региондордо иштеген. Мен көбүнчө Бишкекте болуп, дээрлик балалыгым ушул жакта өткөн. Атам жогоруда айтып өткөндөй мамлекеттик кызматкер болуп иштеп келет. Апам мугалим болуп көп жыл иштеди, кесиби филолог. Ар бир ата-эне өз баласын жакшы болсун деп тарбиялайт. Албетте, менин да ата энем болгон күчүн балдарына: үч уул, бир кызына жумшашты. Мен үйдүн эң улуусу болгон үчүн өтө жоопкерчиликтүү кылып тарбиялашты. Ар бир баланын башынан ата-эненин кадырын билбей, айткан учурларды эстеп, алардын алдында ыңгыйсыз боло түшөм. Өзүм билемдикке салып, кээде каяша айткан учурлар болгон. Бирок, биз атабыздан тартынып турчубуз. Болгон нерсени апабызга айтчубуз. Апамдын мүнөзү шайыр, ачык-айрым болгондуктан окшойт апам менен сырдашып чоңойдук.

Атам мамлекеттик кызматта иштеген ак иштеген адам болгон

Мени "чиновниктин баласы" деп, башкача көз карашта боло бергендер капа кылат. Атам мамлекеттик кызматта түз иштеген ак иштеген адам болгон. Кудайга шүгүр жетиштүү жашоодо жашаганбыз. Бирок фирмалык кийимди кийүү, чет өлкөдө эс алуу деген нерсе бизде болгон эмес. Мен студент кезде кошумча жумуш таап, иштеп өз камымды көрө баштагам. Кечкисин компьютердик клубда иштеп жүрүп кичинекей өз бизнесимди ачкам. Бизнес жолун эрте түшүнүп, заманга ылайык тың болууга умтулдум. Буюрса ошол аракетимдин акыбети бүгүн кайтып, өз жашоомо тың балдарыма үлгү боло ала турган адам болдум го десем жаңылышпайм.

Тең бөлүшүү, адамдарга жакшылык кылуу деген нерсе ошол күндөн баштап менде жашап калды

Түрк лицейинде окуп жүргөндө, 6- класста окуган кезим эле. Астыңкы партада отурчу элем. Эртең тест деген күн болчу, мугалим китебин таштап сыртка чыгып кеткен. Ошол учурда болгон туура жоопторду мен көчүрүп алгам. Баардык классташтарыма жоопторду таратып берип, баарыбыз 5 деген эң жогорку баа алып чыкканбыз. Кууланганды билбеген баео кез окшойт, айрымдарын ката кылганды билбеген. Ошонун айынан эртеси мугалим билип, мени доскага чыгарып алып мактаган эле. Урушат деп күтүп жаткан мен, бетим албырып, таңыркап эле калгам. Ата-энемдин тарбиясы экенин айтып, азыркы кезде аз кездешкен сапат экенин баса белгилеп айтып, мактаган эле. Ошол күндөн бери тең бөлүшүү, адамдарга жакшылык кылуу жагымдуу нерсе экенин сезип, ушул күнгө чейин бул нерсе менде жашап калган.

Өмүрлүк жарды жакшылап тандоо керек

Менин жубайым издеп жүрүп таап, тандап жүрүп жолуккан адамым болду. Өмүрлүк жарды сөзсүз түрдө тандоо керек, анткени ал сенин балдарыңдын апасы болот. Көбүнчө балдар менен үйдө отурат жана өмүр боюу сени менен бирге болот. Менин жубайым мага төрт чүрөктөй кыз жана жаңы эле бир уул төрөп берди. Жашоосунун баарын балдарыма жана мага табыштады. Мен ал кишиге жолукканым үчүн Кудайга ыраазымын.

Чет өлкөгө мигрант эмес, турист болуп чыксак экен деп тилек кылам

Биз чет жакка чыкканда Кыргызстандан келгенибизди айтсак тилекке каршы 90 пайызы биздин өлкөнү билишпейт. Бул нерсе мени аябай ызаландырат. Биздин мамлекетибиз өнүккөн өлкөгө айланып, биздин паспортубузду сырттагылар көргөндө сый көрсөтүп турса деп кыялданам, тилек кылам. Жарандарыбыз миллиондоп мигрант болбой, турист болуп сыртта жүрсө экен деп кыялданам. Заман ушул деп отура бербей коомубуз менен чогуу ошого умтулушубуз керек. Элибиз акылдуу колунан баардыгы келет. Бир гана өзүбүздө болгон байлыктарыбызды туура багытка салып, туура пайданалып туура жолубузду тандашыбыз керек. Адам баласы күндөн-күнгө өнүгүшү керек. Билимге көп көңүл бурушубуз керек. Биз көбүрөөк саясатка көңүл буруп, баарыбыз саясатташып кеттик, бул өкүнүчтүү нерсе. Буюрса бизде да бир учур келет билимсиз алдыга жыла албаган. Миң таанышың болсо да жакшы жумушка кире албаган учур сөзсүз келет. Бардыгы билимге байланган мезгил келээрине ишенем. Азыр Европа өлкөлөрүндө болобу же Америкадабы баары билимге негизделген. Билими жок адам алдыга жыла албайт, чоң айлык акы ала албайт, демек жетиштүү жашай албайт. Ошондуктан ата-энелер балдарга сапатуу билим берүүгө аракет кылышы керек. Келечек билимдүү жаштардыкы.

Спорт дүйнөгө таанылуу үчүн чөң мүмкүнчүлүк

Кыргыз элинин спортчулары акыркы кездерде жакшы ийгиликтерди жаратып жатканы мени кубандырат. Слорт бизди дүйнөгө таанылтууга чоң мүмкүнчүлүк.

Кыргыз элинин спортчулары акыркы кездерде жакшы ийгиликтерди жаратып жатканы мени кубандырат. Спорт бизди дүйнөгө таанылтууга чоң мүмкүнчүлүк. Спорттун кайсы түрү дүйнөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берет деген суроонун үстүндө да ой жүгүртүү керек. Тынымсыз аракет менен талантты ачып кетиш үчүн туура тандоо маанилүү нерсе. Дүйнө эли футболго биринчи көңүл буруп келгени ачык-айкын нерсе. Экинчи-ден, Олимпиада оюндарына кирген ар бир спорт түрү маанилүү. Ошону менен катар ата-бабалар келаткан спорттук оюндарды да ала жүрүш керек. Мен байкайм кыргыздар күрөшкө жакын болушат. Күрөштүн түрү менен Олимпиада оюндарына барууга болот. Биз күрөш менен дүйнөгө таанылсак болот. Ар бир адамдын ички дүйнөсүн көрүш кыйын. Айрымдар такыба, беш маал намаз окуган адам болсо эле ишеним артыл когошат. Бул туура эмес. Адам баласы - бул пенде. Ал эми пенде жаңылыштык кетирбей койбойт. Өзүм жөнүнде айтсам ислам дининин беш парзын толук аткарганга ниеттенип келем. Көп жылдан бери на-маз окуйм, орозо кармайм, болушунча туура жолдо жүрүүгө аракет кылып жүрөм. 

Булак: Факты.kg

Последние новости