www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Март айынан тартып коомдук транспорттогу акы төлөм толугу менен электрондук тартипке өтүп, накталай акча төлөө тартиби жоюлат. Учурда жол кирени төлөө тесттик режимде өтүүдө. Анда жүргүнчү накталай дагы электрондук карта менен дагы төлөм жүргүзө алат.

“Учурда шаар тургундары электрондук карталарды уюлдук байланыш жайларынан алса болот. Пенсионерлерге карталар муниципалдык аймактарда, окуучуларга мектептерден берилүүдө”, - дешет “Электрондук билеттештирүү” долбоорунан.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын май айында шаар бийлиги Швейцариялык ВРС AG менен электрондук билеттештирүү боюнча келишим түзгөн. Компания эң төмөнкү транзакцияны сунуштап, айрым категориялар боюнча шаар тургундарын акысыз карталар менен камсыз кылмак.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости