www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 30-январь Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримовдун туулган күнү.

Маркум Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаева атасынын туулган күнүнө карата социалдык тармакка эскерүү жазды: “Бүгүн Сиздин туулган күнүңүз...

Бүгүн, 30-январда Ташкентте таң атып баштады. Жүрөгүм тез-тез согуп, көз жашымды чыгарбаганга аракет кылып жатам...

Мен сизди дагы түшүмдө көрдүм. Түшүмө тез-тез кирип турганыңыз үчүн Сиз тирүүдөй туюлуп, азыр эле кеткендей туюласыз. Мен ар дайымкыдай сизди кучактап, жүзүңүздөн өптүм. Сиздин жылуулугуңузду сездим... Мен Сизди абдан, абдан сагындым, ата.

 Биз-балдарыңыз ушул күнү сиздин бизге айткан насааттарыңызды эстеп олтурабыз. Убакыт өтүп, жашым улгайган сайын Сиздин айткан сөздөрүңүз, мага берген акылыңыз, негизгиси, менин жашоомдо сабак боло турган каттуу аракетиңиз мени абдан көп ойлонтурат. Сөздөрүңүз жашоомдо сабак болуп, чоң мааниге ээ болууда.

Бул үчүн сизге аябай ыраазымын жана Сизди урмат кылган аталар менен жакын боломун.

Согуштан кийин дээрлик көпчүлүк эркектер ден соолукка зыян экенин көбү билбей тамеки тартышкан. Алардын катарын атам дагы толуктаган. Бирок кийинчирээк тамекинин зыян экенин билип, 40 жашында тамекини бүтүндөй таштап салган. Ушул жылы мен жарык дүйнөгө келгенмин.

Атам адамдардын тамеки тартканын жактырчу эмес. Тамекинин жытын жек көрүп, тамекинин зыяндуулугу тууралуу көп нерселерди жанындагыларга да айтып берчү. Ар дайым спорт менен машыкчу. Алгач спорттун күрөш түрү менен машыккан. Бир күнү машыгуудан бир бутун сындырып алып, үйгө бир бутун салаңдатып секирип келген. Ошондой жаракат алса дагы спортту таштаган эмес.

Атам алдыга койгон максатын, пландарын жүзөгө ашырган киши болгон.

 Атамдын убакыты канчалык тар болсо да спортко убакыт тапчу. Таңкы саат алтыларда туруп машыгууга кетип калчу. Кийинчирээк атам өмүрүнүн акырына чейин теннис менен машыгып жүрдү. Атамдын өмүрүнүн акыркы күндөрү ооруканада-жанында болдум. Атам 78 жашта болсо дагы күчтүү, ден соолугу чың болгондуктан, адамдар аны 78 жаштагы карыяга окшобойт деп айтып калышчу.

Дарыгерлерге ден соолугу тууралуу айтканды эп көрбөгөн. Артыкча тамактанганды жана ашыкча шаан-шөкөттү жактырбайт эле.

 Биздин үйдө чоң дасторкон майрам күндөрү гана жайылып турчу.

Бүгүн миңдеген инсандар сизге дуба кылып, сизди эскеришет”,-деп жазган Лола Каримова.

Эске сала кетсек, Өзбекстандын тунгуч президенти-маркум Ислам Каримовдун 82 жылдыгына карата эскерүү альбому жарык көрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости