www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Камчыбек мырза, эмне үчүн базарларды убактылуу жабыш керек деп ойлойсуз?

- Таажылуу вирус тарашына байланыштуу Кытай 5-10 млн. калк жашаган кээ бир шаарларын жаап жатат. Бир да кишини чыгарбай, бир да кишини кийирбей. Ошол жакта окуп, жашап жатышкан биздин жарандар менен сүйлөшүп турабыз да. Ошондуктан, Кытайга экскурсияга, эс алууга, дарыланууга же соода боюнча барчулар азырынча коё тургандары оң. Ансыз деле биздин Кыргызстандын аймагында өзүнүн деңгээлинен 3-5 эсе көп кытай жүрөт. Дордой, Мадина базарларында соода кылышат. Алар менен күнүгө контакт болуп жатат. Бизден алда канча чоң, кубаттуу Россия, Америка, Франция сарсанаа болуп, шашылыш чараларды көрүүдө. Чек араларын тосту. Кудай сактасын, бул өтө кооптуу маселе. Албетте, паникага түшүүнүн кажети жок, бирок, жанагы эки базарды убактылуу жабыш керек го. Тез арада. Оору чыккандан кийин баштаган кеч болуп калат. Базарда отургандардын баарын «маска кий» деш керек.

- Маска кийген менен эле маселе чечилип калабы?

- Маска кийгизгенден башка ар бирин медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Базарда иштеген кытай жарандарын «эпидемия басылганча үйүндө эле отуруп тур» деш керек. Бир-эки жума соода кылбай турса эчтеке болбойт.

Керим МУРАС

Булак: “АЗИЯnews”

 

Последние новости